Сойкукананын кардарларын жашыруун видеого тартып жүрүшкөн. Өзбекстандагы окуя

Ал жакта интимдик кызмат көрсөткөн аялдар жашыруун камера тууралуу эч нерсе билбегенин айтышкан. Эми  анын жетекчилиги изделип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өзбекстандын Ташкент шаарында укук коргоочулар кардарлар "көңүл ачкан" бөлмөлөргө жашыруун камералар орнотулган сойкуканаларды аныкташты. Бул тууралуу шаардык милицияга шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Бул жайлар өздөрүн массаж салондору деп аташчу.

"Ал жакта интимдик кызмат көрсөткөн аялдар жашыруун камера тууралуу эч нерсе билбегенин айтышкан.  Жетекчилиги изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын айтымында, мындай жол менен сойкукананы иштеткендер колунда бар кардарларды видеолорду жакындарына көрсөтүп же интернетке жарыялайбыз деген коркутуу жолун колдонуп акча табууну көздөгөн болушу мүмкүн.