Путин Россиянын Конституциясын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Эми президент аны Конституциялык сотко жөнөтөт. Ал жети күндүн ичинде мыйзам Конституцияга туура келер-келбесин аныктап берет. Эгер туура деп табылса, мамлекет башчы  жалпы элдин добушуна коёт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документке кол койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Путин президенттик мөөнөткө коюлган чектөөнү жоюу боюнча оюн айтты
Баш мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр президент, өкмөт мүчөлөрүнө коюлган жаңы талаптарга, коом алдында мамлекеттин социалдык кепилдигин бекемдөө, парламенттин ыйгарым укуктарын азайтуу, Россияга тиешелүү аймактарды коргоого, орус тилинин макамын жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, өзгөртүүлөр учурдагы президентке 2024-жылкы шайлоого катышууга мүмкүндүк берет.

Бул аптада өзгөртүүлөрдү Мамлекеттик дума жана Федерациялык кеңеш жактырган.

Эми президент аны Конституциялык сотко жөнөтөт. Ал жети күндүн ичинде мыйзам Конституцияга туура келер-келбесин аныктап берет. Эгер туура деп табылса, мамлекет башчы жалпы элдин добушуна коёт.

Добуш берүү күнү деп 22-апрель белгиленди.

Эскерте кетсек, январдын соңунда Владимир Путин Мамлекеттик Думага Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Мамдума добуш берүүнү 22-апрелде өткөрүү сунушун колдоп берген.