Өзбекстан миңден ашуун мамлекеттик компаниясын сатмай болду

"Узбекнефтегаз", "Узтрансгаз" жана Uzbekistan Airways сыяктуу 554 ишканада мамлекеттин үлүшү сакталып калат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өзбекстан өкмөтү 2020-2025-жылдары 1 115 мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө жол ачууну пландап жатат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Мирзиёев: быйыл Өзбекстанда бир миллион IT адиси даярдалат
Маалыматка караганда, сунушталган тизменин ичинен "Узбекнефтегаз", "Узтрансгаз" жана Uzbekistan Airways сыяктуу 554 ишканада мамлекеттин үлүшү сакталып калат. Алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен иш алып барат.

Ошол эле учурда мамлекетте транспорт, коммуналдык чарба, жол куруу тармагындагы ишканаларды көзөмөлдөө укугуна ээ болот.

Бул боюнча аталган программа өкмөттүн кароосуна апрелде киргизилип, июнь айында мамлекеттик активдерди ишке ашыруунун графиги бекитилиши ыктымал. Анда тендер, конкурстарды өткөрүү менен приватташтыруунун жол-жобосу аныкталат.