Эл ташыган маршрутканы поезд коюп кетти. Жүрөк титиреткен кырсыктын сүрөттөрү

Микроавтобус Оштон Бишкекке багыт алган, бирок шаарга 50 чакырым алыстыкта кырсыктаган. Окуянын кесепетинен бир аял көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Москва районуна караштуу Петровка айылында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобусту поезд коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 13-март күнү саат 19:34тө болгон. Маршрутканын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып жакындап калган поездди байкабай калган. Кырсыктын кесепетинен орто курактагы жүргүнчү аял мүрт кеткен. Ал эми 12 адам түрдүү жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Сүрөттөн ӨКМдин бригадасы маршруткадан адамдарды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтарга караганда, микроавтобус Оштон чыгып Бишкекке келе жаткан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.