Өкмөт: кыргыз-казак чек арасы жабылбайт

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алар өзгөчө товарлардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсүнө көңүл бурушту.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев казакстандык кесиптеши Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

“Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги белгиленген.