БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бүгүн, 14-марттан тарта, коронавирус коркунучуна байланыштуу жети өлкөнүн жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында айтылган.
Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун пандемия деп жарыяланышынан улам өлкөлөрдү үч категорияга кошумча критерийлер менен баалап бөлгөн.
Учурда кеп биринчи категорияга кирген Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испаниянын жарандары тууралуу болуп жатат. Ошондой эле бул мамлекеттерден транзит менен келе жаткан жана акыркы 30 күн ичинде болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине тыюу салынат.
Ал эми экинчи категорияга кирген өлкөдөн келген чет элдиктер эки аптага үй карантинине алынат. Булар: АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия жана Нидерланддар.
Үчүнчү категорияда Сингапур, Австрия, Дания, Кытайга караган Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравиясы бар.
Чет элдиктер жана КР жарандары эгерде ушул өлкөлөрдөн транзит менен келсе, баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө коё берилет. Бирок Кыргызстандын аймагында ары-бери каттап жүрүүгө 14 күнгө чейин чектөө болот.