Бишкекте катуу келе жаткан унаа бакты сүзүп, оодарылып кеткен учуру видеодо

Жеринде Тез жардам кызматы иштегени белгилүү болду. Кайгуул милициясынан билдиришкендей, жол кырсыгы түнкү саат 04:35тер чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда кырсыктаган жеңил унаанын бакты сүзүп кеткен учуру видеого түшүп калган.

"Короче" Telegram каналына жарыяланган видеодон унаа катуу ылдамдыкта келе жатканын көрүүгө болот. Айдоочу рулду башкара албай калып бакты сүзгөн. Натыйжада унаа оодарылып кеткен.

Жеринде Тез жардам кызматы иштегени белгилүү болду. Кайгуул милициясынан билдиришкендей, жол кырсыгы түнкү саат 04:35тер чамасында катталган. Жеңил унаанын айдоочусу Байтик баатыр менен бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Окуянын кесепетинен төрт киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Унаа айып короого токтотулду.