Депутаттар камактагыларга мунапыс жарыялоону сунуштады. Кимдер кирет?

Эл өкүлдөрү Наталья Никитенко менен Исхак Масалиев демилгелеген мыйзам долбоору парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата камактагыларга мунапыс жарыялоону сунуштады.

Эл өкүлдөрү Наталья Никитенко менен Исхак Масалиев демилгелеген мыйзам долбоору парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлган.

Амнистия кылмышты кокустан жасап алгандарга же социалдык колдоого муктаждарга (аял, балдарга) тиешелүү.

Амнистияга туш болчулар:

  • аялдар, жашы жете электер, беш жылга чейин мөөнөткө биринчи жолу кесилгендер;
  • 60 жаштан ашкан кишилер, ошондой эле 55 жаштан өткөн аялдар;
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, I жана II топтогу майыптыгы барлар;
  • эки же андан ашык баласы бар же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөнү жалгыз камсыз кылгандар;
  • анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасагандар;
  • кош бойлуу жана көп балалуу келиндер;
  • аялдар жана жашы жете электер.

Амнистияга илинбей тургандар:

  • буга чейин амнистияга туш болгондор же ырайым кылынгандар;
  • өмүр бою эркинен ажыратылгандар;
  • эки же андан ашык кылмыш жасагандар;
  • абакта жаткан учурда режим бузгандар;

Өмүр бою кесилгендердин ачкачылык жарыялаганына төрт күн болду
Мындан сырткары, адам өлтүргөндөр, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандар, барымтага алгандар, мамлекетти саткандар, бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандар, террордук акт жасагандар, экстремисттик уюмду түзгөндөр, коррупционерлер да амнистияга илинбейт.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде 6 554 эркек, 427 аял, 19 жашы жете элек балдар жаза өтөп жаткандыгы тууралуу маалыматка таянган.