Мигранттар январь айынан бери канча акча которушту

Сумманын 90 пайызы Россиядан которулган. Январь айындагы көрсөткүчтү айта турган болсок, бул 2005-жылдан берки экинчи рекорд.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанга ушул жылдын январь айынан тарта 148,5 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди.

Кеп атайын системалар аркылуу каражат которгон жарандар тууралуу болуп жатат. Сумманын 145,8 миллиону Россиядан которулган.

Абдыгулов Улуттук банк 53,7 млн. долларды канчадан сатканын айтты
Январь айындагы көрсөткүчтү айта турган болсок, бул 2005-жылдан берки экинчи рекорд. Биринчи рекорд былтыр байкалып, сумманын көлөмү 165,2 миллион долларды түзгөн.

Белгилей кетсек, рублдин курсунун түшүшү менен мигранттардын акча которуулары азайбайбы деген суроо туулган. Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов которуулар өзгөрүүсүз каларын билдирген.