Белгилей кетсек, 11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады. Пандемия — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.
Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 вирусун 126 миңден ашуун киши жуктурду. Алардын арасынан 4 637 киши каза болуп, 68 миңден көбүрөөгү сакайып кетти.