Кара-Суу шаарында автоунаа оодарылып кетип, бир аял каза болду

Жерине беш куткаруучу барып, мүрт кеткен аялдын сөөгүн машинадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсыктын кесепетинен бир аял каза болуп, бир эркек киши жаракат алган. Окуя кечээ, 12-мартта, болду. Жерине беш куткаруучу барып, мүрт кеткен аялдын сөөгүн машинадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адам Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.