БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Казакстан Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын Бишкекке болчу расмий сапары кийинкиге жылдырылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Ал Кыргызстанга 16-17-март күндөрү келмек.
"Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялаганын эске алды. Боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту. Ошондой эле бир тууган элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленген.