Доллар кайра кымбаттап, рубль түшүп калды. 13-мартка карата баалар

Sputnik күн сайын Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Акыркы күндөрү Бишкекте сомго карата доллар дагы бир аз көтөрүлүп, рубль арзандап кетти. Алтын куймаларына болгон баа сезилерлик ылдыйлап, күйүүчү май мурдагы баасы менен сатылууда.

Борбор калаадагы акча алмаштыруу жайларында долларды 13 тыйынга кымбатыраак (72.76 сом) ала башташты. Ал эми сатуу 72,92 сомдон 73 сомго чыкты. Муну менен катар евронун наркы төмөндөдү. Сатып алуу 80.73 болсо, сатуу 82.27 сомду түздү.

Рублдин баасы түшүп, бир сомго жетпей (90 тыйын) калды. Ал эми Россияда доллар 75 рублге бааланууда.

Кыргызстан импорттук сырьёну ташуунун башка жолдорун издеп жатат
Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки маалыматына карата күн сайын коюп турат.