Кыргызстандык кыз Кытайда коронавирус жуктуруп 2-кабаттан секиргенби? ТИМдин жообу

Окуя 6-мартта саат 9.20да болгон. Жаракат алган кыз ошол замат шаардагы медициналык борборлордун бирине жеткирилген. Ал азыр күнү-түнү медиктердин көзөмөлүндө.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кытайдын Иу шаарында 2-кабаттан капысынан кулап кеткен 24 жаштагы кыргызстандык кызды мекенине алып келүү азырынча мүмкүн эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

ТИМ буга чейин ал тууралуу социалдык тармактарда туура эмес маалыматтар тараганына токтолду.

"Айрым социалдык тармактарда ал кыз коронавирус жуктуруп алгандыктан экинчи кабаттан секирип кеткендиги тууралуу айтылган. Бул маалымат чындыкка туура келбейт. Жабырлануучу кокусунан кулап кеткен", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Стамбулдан келген кыргызстандык жарандын дене табы көтөрүлүп карантинге алынды
Ведомстводон кабарлашкандай, окуя 6-мартта саат 9.20да болгон. Бир нече жеринен жаракат алган кыз ошол замат шаардагы медициналык борборлордун бирине жеткирилген.

Кыргыз жараны дарыланып жаткан оорукананын дарыгерлери аны транспорт менен ташуу ден соолугуна залакасын тийгизерин айткан.

"Ал азыр күнү-түнү медиктердин көзөмөлүндө болушу керек экен", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда элчилик мекендешибизди дарылоо жана ага кетчү каражатты издөө боюнча жергиликтүү органдар менен иштеп жатат.