Министрликтин коронавирус боюнча маалымат жыйыны болбой калды

Бүгүн саат 12.00дө Бишкекте Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Экономика министрлиги коронавирус боюнча маалымат жыйынын өткөрмөк.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "Дүйнөгө коронавирус пандемиясы жарыяланды. Кыргызстандын мамлекеттик органдары кандай чара көрөт?" темасында маалымат жыйыны токтотулду. Бул боюнча иш-чара башталарына бир нече мүнөт калганда белгилүү болду.

Бирок министрлик анын себебин түшүндүрө элек.

Белгилей кетсек, 11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялаган. Буга байланыштуу саат 12.00дө Бишкекте маалымат жыйыны өткөрүлмөк.