Бишкекте 42 миң казакстандыкты 14 миллион долларга алдады деген жаран кармалды

Буга чейин интернетте казакстандык кримтөбөл айыпталуучулардын бирөөнөн окуянын чоо-жайын айтып, видеокайрылуу жаздырышын талап кылган кадрлар тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкекте 42 миң казакстандыкты 14 миллион долларга алдап кетти деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Estate финансылык пирамидасын түзгөн шектүү Асет Ыскаков февралдан бери Бишкекте жашырынып жүргөнү айтылат.  Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, анын өнөктөштөрү "Гарант 24 ломбард" жана "Выгодный займ"  мекемелеринин жетекчилери дагы кармалды.

Алар кардарларынын акчасын жана мүлкүн алдап алган деп шектелүүдө.

Учурда Асет Ыскаков Бишкек СИЗОсунда кармалып турат, аны жакында мекенине экстрадициялашат. Төмөндөгү видеодо "Гарант 24 Ломбард" ишканасынын жетекчиси Аслан Мурзабеков  күнөөнү өнөктөшү, "Выгодный займ" ишканасынын негиздөөчүсү Жанболат Есиркеповго коюп жатат.

Буга чейин интернетте казакстандык Дикий Арман каймана аты бар кримтөбөл Аслан Мурзабековду окуянын чоо-жайын айтып, видеокайрылуу жаздырышын талап кылган кадрлар тараган.