2008-жылкы кризисти алдын ала айткан эксперттин жүрөк үшүткөн божомолу

Эксперттин айтымында, дүйнөнү мурдагыга салыштырмалуу олуттуу финансылык кризис күтүп турат. Учурда ар кандай сегменттерде жалпы карыздык милдеттенмелердин көлөмү 100 триллон долларга өскөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. 2008-жылдагы дүйнөлүк кризисти алдын ала айткан белгилүү экономист Жесси Коломбо келечектеги экономикалык кыйроо тууралуу билдиргенин Independent порталы жазды.

Коронавирус: Италияда соода-сатык токтоду
Коломбонун айтымында, дүйнөнү мурдагыга салыштырмалуу маанилүү финансылык кризис күтүп турат. Учурда ар кандай сегменттерде жалпы карыздык милдеттенмелердин көлөмү 100 триллон долларга өскөн.

Аналитик белгилегендей, Европа кыймылсыз мүлкүндөгү, америкалык акциялардагы жана башка жактардагы рыноктордун абалы өтө эле начар.

Эксперт ошондой эле коронавирустун жайылышы жаңы кризисти шарттай турганын кошумчалаган.