Биринчи май районунун судьясы кармалды

Судья ири суммада пара алууга шектелип жатат. Ал бүгүн, 12-мартта, колго түшкөн. Окуянын чоо-жайы айтыла элек.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкекте Биринчи май райондук сотунун О.М. аттуу судьясы кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) кабарлашты.

Маалыматка караганда, судья бүгүн колго түшкөн. Ал 2 миң доллар пара алууга шектелип жатат.

Башка маалыматтар азырынча айтыла элек.