БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Аламүдүн суусунун жашылданышы боюнча анализдин жыйынтыгын чыгарды.
Эске салсак, дарыя жашыл түскө боёлуп калган видео 29-февраль күнү интернетке тараган.
Текшерүүнүн натыйжасында Аламүдүн дарыясына 29-февралда курамында жогорку концентрация бар мунайзат куюлганы аныкталган.
"Суунун үлгүсүнө жасалган химиялык изилдөөнүн жыйынтыгында белгиленген нормадагы концентрацияда азот аммонийи 2-4 эсеге, азот нитраты 11-45 эсеге жогору болгону аныкталды. Ал эми топурактын үлгүсүн текшергенде белгиленген нормадагы концентрацияда азот нитраты 2-13 эсеге, цинк 2,4 эсеге, жез 1,63 эсеге, коргошун 2,63 эсеге жогору болгон. Фондук концентрация менен салыштырганда темир 40 эсе, мунайзат 695 эсеге чейин жогору болуп чыкты", — деп жазылат билдирүүдө.
Бул изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча чара көрүү Мамлекеттик экотехинспекциясына сунушталган.
Бирок өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү суунун жашыл түскө боёлушунун негизги себеби мында эмес экенин айтууда. Алар сууга боёк төгүлгөнүн билдиришти.
Ал эми мунайзат дарыянын жээгинде автоунаа жуучу жайлардан чыккан саркынды суудан болушу мүмкүн деген шек бар. Мунун себебин иликтөө үчүн бүгүн облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев кеңешме өткөрүп, тийиштүү органдарга тапшырма берген.