БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дональд Трамп Европадан АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мамлекет башчысы бул катуу, бирок керектүү чара экенин белгилеген.
"Өлкөгө коронавирусту жайылтпоо үчүн Европадан АКШга болгон бардык каттамдарды 30 күнгө токтотобуз. Эреже 13-мартта күчүнө кирет", — деди президент.
Ал ошондой эле Евробиримдикти коронавирустун тарап кетишин алдын алууга жетиштүү аракет кылган жок деп сындады.
"Европа биримдиги вирус жайылган өлкөлөрдөн кирип-чыккандарды чектей албай койду. Ошондой эле ооруну алдын алууга жетиштүү чара көрүлгөн жок", — деди Трамп.
Ушул тапта Америкада коронавируска 1312 адам кабылып, 38 киши көз жумду. Ал эми сакайгандардын саны — 8.