Эл каттоо. Мамкаттоо Улуттук банк менен электрондук форматта иштей баштады

Мамкаттоо эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасынын алкагында борбордук банк менен маалыматтарды электрондук форматта алмашуу иштерин баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Улуттук банкка калкты электрондук форматта каттоого көмөктөшүү үчүн 3000 ноутбук берди. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, МКК борбордук банк менен маалыматтарды электрондук форматта алмашуу иштерин баштады. Бул үстүбүздөгү жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин пландалган эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасынын алкагында болуп жатат.

Мамкаттоо биометрикалык паспортторду даярдоо үчүн тендер жарыялады
Келишим "Түндүк" бирдиктүү маалымат системасынын жардамы менен ишке ашмакчы.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өтөт.

Иш-чаранын мындан башка дагы жаңычылдыктары тууралуу Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.