Айдоочуларга автоунаанын айнегин караңгылатууга уруксат берилеби? Мыйзам долбоору

Мындай жол менен өкмөт айнектерин караңгылатып алган айдоочулардын мыйзам бузган учурун азайтып, республикалык бюджетке киреше түшүрүүнү көздөөдө.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Өкмөт автоунаанын алдыңкы жана капталдагы айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Болгону бул үчүн айдоочулар белгилүү бир сумманы төлөшү керек.

Экономика министрлигинин мындай мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.

Кыргызстанда акы төлөп автонун терезесин караңгылатууга уруксат берүү керекпи? Ооба, ансыз деле караңгылатып мыйзам бузгандар көп Ооба, бюджетти толтуруу керекЖок, коррупциялык схема пайда болушу мүмкүнЖок, коопсуздук үчүнкараңгылатууга жол бербеш керек
Мындай жол менен өкмөт айнектерин караңгылатып алган айдоочулардын мыйзам бузган учурун азайтып, республикалык бюджетке киреше түшүрүүнү көздөп жатат.

Экономика министрлигинин берген статистикасына караганда, Кыргызстанда 1 миллион 343 миң 813 автоунаа катталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, былтыркы жылдын тогуз айында караңгылатылган терезелер боюнча 1903 протокол түзүлүп, 50 миллион 5 миң 300 сом айып төлөнгөн.

Эгер мыйзам колдоо таап калса, айдоочулар автолоруна каалаган караңгылатчу каражатты тагып алса болот.

Ал эми уруксат алуу процедураларын жана төлөнчү сумманы өкмөт аныктайт.