БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялады. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун сөзүнө таянып РИА Новости билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 вирусун 121 миңден ашуун киши жуктурган. Алардын арасынан 4 миңден ашыгы каза болгон.
Пандемия — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар каттала элек.