Былтыр 73 400 тонна концентрат өлкөдөн чыгарылган. Алардан 5518 киллограм алтын бөлүп алынды. Бул тууралуу Карыбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, руда, концентраттарды өлкөдөн чыгарууга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети уруксат берет.
"2019-жылы Кыргызстандан 5518 киллограм алтын камтыган 73 400 тонна концентрат, 758 киллограм алтын камтыган 111 миң тонна руда чыгарылган. Өлкөдө концентрат менен иштеген сегиз компания болсо, руда менен бир компания иш алып барууда. Алар аталган заттарды өлкөдө иштетүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Казакстан, Түркия, Кытайдан иштетип, бөлүп алынган алтындарды кайра өлкөгө алып киришет. Мунун баары көзөмөлгө алынган. Ошентсе да бул багытта тартипти бекемдөө максатында өкмөт атайын токтом кабыл алды. Ага ылайык, руда, концентраттарда канча баалуу металл бар экенин аныктоону эл аралык аккредитациясы бар компанияларга жана атамекендик лабораторияларга уруксат берилет", — деди Ибраев.
Аткаминер буга чейин руда, концентраттардын курамы чет өлкөлүк лабораторияларда аныкталып келгенин кошумчалады.