Улуттук банк 50 миллионго жакын доллар сатты

Бүгүн, 10-мартта, Кыргызстанда доллардын курсу болжол менен үч сомго өстү. Доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алынууда.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Улуттук банк 10-мартта 49,7 миллион доллар сатты. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында жазылган.

Эске салсак, бүгүн, 10-мартта, Кыргызстанда доллардын баасы кескин жогорулап кеткен. Бир доллар 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алынууда.

Кыргызстанда доллардын баасы өстү. Учурда эмне болуп жатат
Улуттук банк салт болуп калгандай, бааны ооздуктоо үчүн интервенция жүргүзүүгө аракет кылууда.

Бул жыл башынан берки төртүнчү интервенция. Жалпы жонуна 136,2 миллион доллар сатылган.

Белгилей кетсек, рублдин курсу жакында эле нефтиге болгон баанын түшүшүнөн улам арзандап кетти. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү оңунан чыкпай, Brent жана WTI маркаларынын күйүүчү майларынын баасы 30 пайызга чейин төмөндөгөн.