9-мартта Кыргызстанда рублдин куну соңку төрт жылда биринчи жолу арзандады. Айрым жерлерде курс сатып алууда 89 тыйынга түштү, сатыкта бир сомдон ашат.
Sputnik Кыргызстандын редакциясы рублдин арзандашы биздин өлкөгө жана калкка кандай таасир этерин, ошондой эле бул доллардын курсунун өсүшүнө алып келер-келбесин сураштырып көрдү.
Коңшулардагы кырдаал жана себеби
Эл аралык тооруктардын маалыматы боюнча, рубль арзандагандан арзандоодо деп жазат РИА Новости. Ал эми евронун куну 85 рубль, доллардын курсу — 74 рубль.
Рубль курсунун түшүшү — мунай рыногундагы кырдаалдын кесепети. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы 30 пайызга арзандады.
Биз төмөндө эл аралык биржалардагы 9-марттагы маалыматтарды келтирдик, Россияда кечээ иш күн болбогондуктан, Москванын биржаларын карай албадык.
Нур-Султан жана Алматыдагы акча алмаштыруу жайларында доллар дээрлик 400 теңгеден сатылды. Бирок баа бир аз түштү.
Кыргызстанда рублдин куну дагы ылдыйлачудай
“Альянс” акча алмаштыруу бюросунун төрагасынын орун басары Думан Рыскулов эске салгандай, бир нече жыл мурун рублдин курсу 84 тыйынга түшүп кеткен.
Ал долларга байланыштуу дүрбөлөң жок экенин белгиледи.
"Бизде дайым америкалык валютага суроо-талап бар, бирок доллар жетишсиз. Чек аранын жабыктыгынан (Кытай менен — ред.) улам балким азыр доллар анчалык зарыл эместир, суроо-талап сунуш менен жабылууда", — деди Рыскулов.
Ал америкалык валютанын баасы кармалып турганын кошумчалап, бирок доллардын таңсыктыгы жаралса кымбатташы ыктымалдыгын кошумчалады. Бирок бул маселени коммерциялык банктар Улуттук банк менен бирге чечет.
Калкка жакшы, өлкө үчүн кыйын
Каржы тармагындагы эксперт Илимбек Абдиев ОПЕК+ алкагындагы ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдү эске салды. Ага ылайык, Сауд Аравиясы америкалык сланец мунайын сүрүп чыгаруу үчүн кара алтынды казуу көлөмүн жогорулатарын жарыялаган. Ошентсе да коронавирустан улам мунайды керектөө азайып, сунуштун көптүгүнөн улам натыйжада энергия ташуучу заттардын баасы түшүүдө.
Анын айтымында, рублдин кескин түшүшү дүрбөлөңгө да байланыштуу.
"Рынок кымгуут түштү. Дүрбөлөң бир аз басаңдаганда эмне болорун көрөбүз. Москва биржасы иштей баштаганда да жагдай ачык байкалат, балким россиялык валюта өз ордун кайра таап калаар", — дейт Абдиев.
Серепчи ошондой эле бул Кыргызстандын экономикасына кандай чагыларын жоромолдоду.
"Мигранттар акчаны рубль менен которушат, башкача айтканда, сом жана доллар менен эсептегенде, алардын көлөмү азаят. Натыйжада Кыргызстандагы керектөөнүн деңгээли кыскарат. Биздин экспорттук товарлар сомго которгондо кымбатыраак түшөт, балким сатуу маселесинен улам фермерлер да азыраак эгишээр", — деди Абдиев.
Бирок калк үчүн мунун артыкчылыгы да бар.
"Россиялык товарлар элге жеткиликтүү болот. Кыргызстанда алар кескин арзандап кетиши арсар, бирок кымбаттабайт дагы", — деп түшүндүрдү ал.
Улуттук банк доллардын миллиарддаган запасы бар экенин эске салат
Улуттук банк Россиянын жана Кыргызстандын улуттук валюталарынын ортосунда түз жана тыгыз байланыш жоктугун белгилейт. Ошону менен бирге эле Россия өлкөнүн экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары өз ара соода жана акча которуу каналы аркылуу биздин мамлекеттин экономикасына таасир эте алат.
Улуттук банк ички валюталык, тышкы каржылык рыноктордогу кырдаалга жана негизги соода өнөктөш болгон өлкөлөрдөгү жагдайга дайым байкоо салат. Зарыл учурда, башкача айтканда, алмаштыруу курсунун кескин көтөрүлүп же төмөн түшүп кетишин жумшартуу үчүн кийлигишет.
"6-мартта эл аралык резервдердин көлөмү 2,4 миллиард долларды түзгөн, бул өлкөнүн 4,9 айлык товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортун жабат", — дейт каржылык жөнгө салуучу.
Ошондой эле Улуттук банк калкты улуттук валютанын — сомдун куну жөнүндөгү жалган булактардан чыккан ушак-айың, аңыз кеп жана башка тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.
Рублдин куну боюнча Россия не деп үн катты?
РФ Финансы министрлиги мунайдын баасынын баштапкы деңгээлинен (баррелине 42,2 рубль) төмөндөшүндө бюджеттик эреженин механизминен кеп салат. Баалар түшсө, Улуттук абал фондусунан (ФНБ) чет элдик валюталар сатыла башташы ыктымал.
Мекеме интервенциялар мунайды экспорттоодон чет элдик валютанын агымынын төмөндөшүн компенсациялап, “рублдин курсун турукташтыруучу таасир” көрсөтөрүн айтат.
2020-жылдын 1-мартына карата ФНБнын тез сатыла турган каражаттарынын жана кошумча мунай-газ кирешелеринин каттоосу боюнча эсептеги каражаттардын көлөмү 10,1 триллион рублди (150,1 миллиард доллар) же ИДПнын 9,2 пайызын түзгөн. Көрсөтүлгөн каражат 6-10 жыл аралыгында мунайдын баррелинин 25-30 долларга чейин (2017-жылдагы баалар) түшүшүнөн улам кирешенин азайышынын кесепетин жоюуга жетишерлик экени кошумчаланды.