Кыргызстанда камактагы адамдар ачкачылык жарыялады

ЖАМКтан билдиришкендей, абактарда өмүр бою эркинен ажыраган 347 адам жазасын өтөп жатат. Алардын койгон талаптары негизсиз экени айтылды.
Sputnik

Садыр Жапаровду эмне үчүн жатак абагына которууга болбойт. ЖАМКтын түшүндүрмөсү
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) өмүр бою эркинен ажыраган адамдардын койгон талаптарын негизсиз деп атады.

ЖАМКтын берген маалыматына караганда, 9-март күнү №1, 16, 19 жана 25 колонияларда эртең мененки текшерүү учурунда камакта отурган 200 киши белгисиз убакытка чейин ачкачылык жарыялай тургандыктары боюнча арыз жазышкан. Алар сот чыгарган өкүмдү 2017-жылы кабыл алынып, бир жыл мурун күчүнө кирген жаңы мыйзамдардын негизинде кайра карап чыгууну талап кылышкан.

ЖАМКтан билдиришкендей, абактарда өмүр бою эркинен ажыраган 347 адам жазасын өтөп жатат.

"Мекемелердин жетекчилери 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдардын негизинде өмүр бою эркинен ажырагандардын ишин кайра карап чыгуу боюнча арызын сотко жөнөткөн. Бирок сот бирин дагы канааттандырбай, эч кимдин жазасын өзгөрткөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

ЖАМКтын кызматкерлери абактагылардын талаптары негизсиз экенин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.