Бишкекте долларга суроо-талап өстүбү? Акча алмаштыруу жайларынын жообу

Акча алмаштыруу жайларынын жетекчисинин орун басары Бишкекте рубль боюнча пикирин айтты. Жакында эле рубль төрт жыл мурдагыдай 84 тыйынга чейин төмөндөшү мүмкүн деген божомол айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Борбор калаада долларга суроо-талап өстү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Альянс" акча алмаштыруу жайларынын жетекчисинин орун басары Думан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк жакынкы арада бааны ооздуктоо үчүн интервенция жүргүзөрүн убадалаган.

"Дүрбөлөң болбосо экен деп жатабыз. Соцтармактарда, ЖМКларда рубль арзандап, мунайдын баасы да түшүп кеткени жазылууда. Мындай жаңылыктардын фонунда кандайдыр бир тынчсыздануу бар. Бирок кытай чек арасы жабык болгондуктан ажиотаж болгон жок. Суроо-талап тынч мезгилдерге салыштырмалуу болжол менен беш пайызга өстү. Анткен менен доллар жетишсиз", — деди Рыскулов.

Ал Россиянын Борбордук банкы валютага интервенция жасоо тууралуу жар салганын кошумчалады. Эртең менен эле эл аралык биржада бир доллар 75 рубль деп турса, Москва биржасында бир доллар 72 рублди көрсөтүүдө.

"Натыйжада бизде да рубль бир аз өстү", — деди Рыскулов.

Рублдин арзандашы КР экономикасына жана сомго кандай таасир этет? Саресеп
Ал жакында рубль төрт жыл мурдагыдай 84 тыйынга чейин төмөндөшү мүмкүн экенин айтты. Бирок азыр буга баш оорутуунун кажети жок.

Эске салсак, кечээ сатып алуу курсу 89 тыйынга чейин арзандаган. Азыр ал 90-97 тыйын болуп турат. Сатуу адаттагыдай сомдон жогорураак.

Рублдин курсу жакында эле нефтиге болгон баанын түшүшүнөн улам арзандап кетти. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү оңунан чыкпай, Brent жана WTI маркаларынын күйүүчү майларынын баасы 30 пайызга чейин төмөндөгөн.