Бишкекте 8-марттагы окуяга нааразы болгондордун митинги болуп өттү. Сүрөт

Митингдин алдында Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ жетекчисине акция учурунда эч кандай чатакка жол бербөө тапшырмасын койду.
Sputnik

Бишкек милициясы эртеңки митингде чагымчылдыкка алдырбоого чакырды
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын чок ортосунда "Зордук-зомбулукка каршы" аталышындагы тынчтык митинги болуп өттү.

Ал жерге келгендер ар кыл плакат, ураандарды көтөрүп жүрүштү.

Уюштуруучулар жарым сааттык митинг болорун, ага 8-мартта болгон акция учурунда феминисттерди милиция кармап кеткен окуяга нааразылыгын билдирип чыгарын айтышкан.

Акцияга мурдагы президент Роза Отунбаева келди.

Митингдин алдында Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевге акция учурунда эч кандай чатакка жол бербөө тапшырмасын койду.

Эске салсак, 8-март күнү зомбулукка каршы маршка чыккан феминисттерге белгисиз адамдар тоскоолдук кылып, акырында кыз-келиндерди милиция кармап кеткен.