Статком балдары толук кандуу тамактанбаган Кыргызстандын региондорун атады

Статком балдардын азыктануусу боюнча 2018-жыл менен 2019-жылдагы статистиканы салыштырды. Анда айрым облустарда кырдаал уламдан-улам начарлап жатканы аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өлкөнүн Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек менен Ош шаарларында жашаган 18ге чыга элек балдар тоё тамак жебейт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статком өткөн жылдын тогуз айында региондордогу тамактануу боюнча маалымат чогулткан. 

Анда 18 жашка чыга элек (бир жаштан 17ге чейин) кыргызстандыктар орто эсеп менен 1932 килокалорий алат, бул нормадан 12 ккалга көп.

Эмне жесе иммунитет көтөрүлөт? Жолдошбаевге жооп берген аткаминер күлкүгө салды
Деген менен аймактар боюнча алганда Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарында жана Ош менен Бишкек шаарындагы балдарга калория жетишсиз.

2018-жылдагы статистика менен салыштыра келгенде Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы балдар азыраак азыктанып жатканы байкалат.

Чүй облусунда балдар бир жылда нормадан 195 килокалорийге азыраак тамак жеп калган. Ал эми Ошто 141 килокалорийге көбөйгөн, ошентсе да өлкөдөгү эң төмөн көрсөткүч ушул шаарда.