Япония: карантинге алынган лайнердеги кыргызстандык жигит Бишкекке келди

Кыргызстандык жигит буга чейин төрт ирет анализ тапшырган. Үчүнчүсүндө коронавирус жуктурганы аныкталган. Бирок төртүнчү жолу тапшырган анализи таза чыгып, Токиодогу ооруканадан чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Япониядагы Diamond Princess лайнеринде болгон кыргызстандык жигит Бишкекке келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын абалы канааттандырарлык. Андан анализ алынып, бирок жыйынтыгы чыга элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин чечими боюнча, коронавирус жайылган өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген жарандар 14 күндүк карантинге алынат.

Белгилей кетсек, 3 700 туристи бар кеме коронавирустан улам 5-февралда Япониянын Иокогама портуна токтоп, карантинге алынган болчу.
Лайнердеги кыргызстандык жигит төрт ирет анализ тапшырган. Үчүнчүсүндө коронавирус жуктурганы аныкталган. Бирок төртүнчү жолу тапшырган анализи таза чыгып, Токиодогу ооруканадан чыгарылган. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин жигиттин өзү менен байланышка чыгып маектешкен.