Радио

Аким: Свердлов районунун тургундары социалдык паспортту 15 мүнөттө алышат

Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы Мурат Осмонов аталган аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулганын айтты.
Sputnik
Аким: Свердлов районунун тургундары социалдык паспортту 15 мүнөттө алышат

Свердлов районунда социалдык паспортторду берүү системасы санарипке өткөнү аталган аймактын тургундары документин 10-15 мүнөттүн ичинде алып, справкаларды чогултуу менен убара болбой, ашыкча чыгым да тартпай калышты. Бул тууралуу Мурат Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган паспортту берүүдө маалыматтын 80 пайызы "Түндүк" системасы аркылуу чогултулат.

"Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун электрондоштуруу процедурасы Бишкек шаарынын Свердлов районунда гана пилоттук негизде ишке кирди. Аталган ыкма 2019-жылдын июль айынан тарта иштей баштаган. Учурда жыйынтыгы кубандырбай койбойт. Эң башкысы, райондун тургундарына бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мисалы, буга чейин аталган документти алуу үчүн жашоочулар 5-15 справкага чейин чогултууга мажбур болчу. Аларды ар кайсы ведомстволордон алууга туура кечү. Биздин эсептөөлөрүбүз боюнча тургундар буга болжол менен алты саттан ашык убакыт сарптап, 145 сом чыгымга учурачу экен. Бул сумманы бөлө турган болсок, жол киреге 70 жана справкалардын акысына 75 сом жумшалып келген. Ошондой эле шаардын ар кайсы бурчундагы мекемелерге барууга төрт саат коросо, дагы эки сааттай кезекте туруу менен өтүп кетчү. Учурда андай маселеден толук арылдык десек болот. Себеби документке керектүү маалыматтардын 80 пайызын биз "Түндүк" бирдиктүү маалымат системасынан алабыз. Паспорттор 10-15 мүнөттө даяр болуп, ээсине берилет. Ошондой эле үйү жок тургундарды баш калкалай турган жайларга киргизүүдө да ушул эле система колдонулуп, аларды суукта справка чогулттуруп убара кылбай, электрондук негизде каттоого тургузуп жатабыз ", — деди Осмонов.

Аким Свердлов районунда социалдык паспортторду электрондоштуруудан сырткары аталган аймактагы бардык кагаз иштерин санарипке өткөрүү аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.