Кыргызстандык аялдар СССР учурунда кандай жашаган. Архивдик сүрөттөр

Sputnik

Буга майрам күнү Бишкекте жүрүшкө чыккан феминисттик кыймылдын өкүлдөрүнө башка топ тоскоолдук болуп, аягында милициянын аралашуусу себеп болду окшойт.

Кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча акцияларды уюштургандар көбүнесе "аялды үй оокатына байлап коюуга" каршы чыгып келишет. Негизи аялдардын бүгүнкү коомдогу жашоо-турмушу тууралуу баарыбызга белгилүү.

Андыктан Sputnik Кыргызстан кыз-келиндер СССР учурунда Кыргызстанда кандай күн көргөнүн сүрөт түрмөктө көрсөтүүнү чечти.

1 / 18
Пахта фабрикасында иштеген аял товардын сапатын текшерип жатат
2 / 18
Бала бакчадагы тарбиялоочу
3 / 18
Кыргызстан аялдарынын VII съезди. Сол жактан биринчи СССРдин Эл артисти Сабира Күмүшалиева
4 / 18
Геолог Розалия Женчураева
5 / 18
Өлчөп-көзөмөлдөөчү приборлор заводунун кызматкери
6 / 18
Социалисттик эмгектин баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарова пионерлер менен
7 / 18
Кыргыз камволдук-нооту комбинатында эмгектенген кыз-келиндер
8 / 18
Саанчылар арасындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрү
9 / 18
Кичи Кеминде мал баккан Жунушевдердин үй-бүлөсү
10 / 18
Фрунзе бут кийим фабрикасынын кызматкерлери товардын сапатын көрсөтүп жаткан учур
11 / 18
Түшүм жыйнаган багбандар. Чүй облусу
12 / 18
Велосипед чогултуу цехинин кызматкери товарды жиберүүгө дайындоодо
13 / 18
Фрунзе кенаф фабрикасынын кызматкерлери буланы станокко салуу алдында текшерүүдө
14 / 18
Жер айдоочулар сынагынын жеңүүчүлөрү
15 / 18
Партиялык уюштуруучу пахта жыйнаган кыз-келиндер менен түшкү тамак учурунда
16 / 18
"Тяжэлектромаш" заводунун кызматкери
17 / 18
Китеп жана журнал сатуучу кыз-келиндер. Фрунзе шаары
18 / 18
Комбайнчы Ибохон Саидова пахта жыйноо маалында