Ноорузду кыргызстандыктар коронавирус кооптуулугунан улам майрамдабайт

Кыргызстандын аймагы боюнча жакынкы мезгилдерде өтө турган эл чогулган массалык иш-чаралар токтотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Нооруз майрамында бир жерге чогулуп, иш-чараларды өткөрүп майрамдабайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Коронавирус кооптуулугунан улам Таласта Ак калпак күнү белгиленбей калды
21-мартта эл көчөгө, борбордук аянттарга чыгып сейилдебейт жана майрамдык концерттер болбойт. Мындай чечим коронавирус боюнча абалдан улам кабыл алынды. Буга чейин коронавирустан улам Ноорузда боло турчу көк бөрү турнири өтпөй калган. Бир аз мурдараак өкмөттөн Кыргызстандын аймагы боюнча жакынкы арага белгиленген иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдиришкен.

Мындай чечимди коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча түзүлгөн республикалык штаб кабыл алган.

Коронавирус учурда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүндө катталды. Кыргызстанда адамдардын вирусту жуктуруп алган учуру боло элек.