Коронавирустун экономикага тийгизген таасирин минималдаштыруу аракеттери көрүлүүдө. Учурда ишкерлер менен жолугуп, тийиштүү консультацияларды, кеңештерди берип жатабыз. Бул тууралуу Автандил Алыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактарда абалды жасалма курчутуу аракеттери байкалган эмес.
"Коронавируска байланыштуу, тактап айтканда, анын экономикага, ишкерликке тийгизген таасирин минималдаштыруу аракеттери көрүлүүдө. Учурда ишкерлер менен жолугуп тийиштүү консультацияларды, кеңештерди берип жатабыз. Мындан тышкары, аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, мамлекеттик администрация башчылары менен абалды талкуулоодобуз. Кээде жасалма түрдө абалды курчутуп жиберүү орун алат эмеспи. Аймактарда мындай көйгөй, маселе болгон жок. Абал тынч. Ал эми аталган дартка байланыштуу көрүлгөн чаралардын экономикага тийгизген таасирин азайтуу боюнча иш план иштелип чыгып, өкмөттө каралып жатат. Анда азык-түлүк коопсуздугу, чек ара, соода-сатык, медицина, жалпы эле социалдык, экономикалык абалга тийгизген таасирин минималдаштыруу боюнча бир топ чаралар каралган", — деди Алыбаев.
Аткаминер ошондой эле коронавирусту жайылтпоо үчүн чек аралар Кытай тарабынан жабылганын кошумчалады.