БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Португалиялык "Ювентус" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду "көрүнбөгөн" фанаттары менен кол алышып, өз маанайын өзү көтөрдү. Бул учур видеого тартылып калган.
Окуя "Интер" командасы менен беттештин алдында болгон. Коронавирустан улам эки команданын оюну көрүүчүлөрү жок өткөн. Футболчуларды да автобустан эч ким тосуп алган эмес.
Видеодон көрүнүп тургандай, Роналду автобустан түшүп, "көрүнбөгөн" күйөрмандары менен кол алышып, жылмайган.
Италия өкмөтүнүн жарлыгына ылайык, өлкөдөгү бардык спорттук иш-чаралар 3-апрелге чейин көрүүчүлөрү жок өтөт.
Бул мамлекетте коронавирустан 366 адам каза болгону айтылды. Илдетти 7 375 киши жуктуруп, анын теңинен көбү айыккан. Вирустун очогу болгон Кытайды эсепке албаганда Италия оору көп жайылган мамлекеттердин сап башында турат.