Тумшугу талкаланып, тепкичке "илинип" калды. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

Соода-эс алуу борборунун алдында балдар аянтчасы да бар болчу. Автоунаа аны аралап өтүп, тосмо, отургучтарды талкалап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар — Sputnik. Борбор калаада автоунаа жолдон чыгып кетип, Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан Сosmo Park соода-эс алуу борборунун кире беришиндеги тепкичти сүзгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ак түстөгү жеңил автоунаа жолдон чыгып кетип, тосмо, отургучтарды кагып барып, соода борбордун кире беришиндеги тепкичтерди сүзгөн. Жол кырсыгы катталган жердин жанында эле балдар аянтчасы турат. Автоунаа аны да аралап өткөн.

Кайгуул милиция башкармалыгы кырсыктын чоо-жайын тактап жатканын айтты.