Россиянын консулдугуна жарылуучу зат коюлду деп чалган аял кармалды. Сүрөт

Атайын адистер дароо жетип барып, дипломатиялык кызматкерлерди сыртка чыгарган. Андан соң бомбаны издөө башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча телефон чалган аял кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя мындан үч күн мурда, тагыраагы, 6-мартта, болгон. Маалымат түшөрү менен УКМКнын атайын адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган. 

Россиянын консулдугуна жарылуучу зат коюлду деп чалган аял кармалды. Сүрөт

Эл аралык "Манас" аэропорту ишин өз нугунда улантты
Жыйынтыгында жарылуучу зат табылган эмес.

Бул факт боюнча УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин ("Терроризим акты боюнча жалган маалымат берүү") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирди.

УКМК телефон террорчусун тапкан. Анын Кыргызстандын 46 жаштагы жараны экени аныкталып, кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Комитет жалган маалыматтарды тараткан адам Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.