Пресс-борбор

"Бишкек мэриясы "Тулпар" системасы тууралуу" аттуу маалымат жыйын

Иш-чара 9-март күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Sputnik

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди "Бишкек мэриясы "Тулпар" системасы тууралуу. Бардык суроолорго жооп" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Бишкекте 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы иштеп баштады. Мындан ары шаар тургундары коомдук транспортко отуруу үчүн тийиштүү картаны сатып алуу жетиштүү. Бирок көпчүлүк бишкектиктер электрондук төлөм системасына даяр эмес экени белгилүү болду.

"Тулпар" системасы боюнча суроолордун бардыгына мэриянын өкүлдөрү жооп беришет:

  • КОЙЧУБАКОВ Нурлан Кеңешевич — Бишкек шаардык жүргүнчү ташуу автотранспорттук ишканасынын директору;
  • АТЫКАНОВ Нурлан Качкынович — Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси;
  • ОМУРЗАКОВ Артур Туратбекович — Бишкек шаардык жүргүнчү ташуу автотранспорттук ишканасынын директору;
  • КОНДАХЧАН Арсен Олегович — электрондук төлөм системасын киргизип жаткан швейцариялык ВРС AG компаниясынын жетекчиси.