БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан Сosmo Park соода-оюн-зоок борборунун кире беришиндеги кырсык таңкы 06:40тар чамасында болгон. Айдоочунун 27 жашта экендиги аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.
Айдоочу автокөлүктү башкара албай калган жана кырсыктан жабыркаган эмес.
Эске салсак, Hyundai Sonatа үлгүсүндөгү автоунаа тротуарды, тосмолорду, балдар ойногон жерди талкалап өтүп, Cosmo аянтчасынын тепкичтерине тумшугу менен урунуп токтогон видео жарыяланган.
Байгазы Айтикул уулу автокөлүк айып короого токтотулуп, кырсыктын себеби такталып жатканын кошумчалады.