Башкы прокуратура: тынчтык митингдерине тыюу салуу мыйзамсыз

Буга чейин Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондору аталган аймактарда 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салган. Кийинчерээк Свердлов райондук администрациясы дагы райондук сотко ушул маселе менен кайрылган. Бирок кайрылуусун кайра чакыртып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Башкы прокуратура Бишкек шаардык мэриясынын 1-июлга чейин митингдерге тыюу салуу чечимин негизсиз деп тапты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

ИИМ: митинг учурунда ЖК аппаратынын кызматкерине кол салган аял кармалды
Буга чейин Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондору аталган аймактарда 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салган. Кийинчерээк Свердлов райондук администрациясы дагы райондук сотко ушул маселе менен кайрылып, бирок кайрылуусун кайра чакыртып алган. Митингдерге тыюу салуу боюнча чечим коронавирустун алдын алуу жана калаадагы кырдаалды жөнгө салуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Аталган маселе коомдо талкуу жаратып, мэрия 6-мартта маселени укуктук талаада жана Конституциянын талаптары боюнча кароо үчүн шаардык соттон райондук соттордун чечимдерин жокко чыгарууну суранганы жатканын билдирген.

"Бишкек шаарынын прокуратура органдары калаа жетекчилигинин митингдер, акцияларга тыюу салуу жана бул боюнча райондук соттордун чечимдерин негизсиз деп эсептейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, КРдин Баш мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ар бир жаран каалаган учурунда тынчтык митингине чыгууга укуктуу жана ага эч ким тоскоолдук боло албасы айтылат.

Феминисттер маршында чагымчылдык кылгандар табылды
Мунун негизинде Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары митинг жана тынчтык жыйындарына чектөө коюу боюнча райондук соттордун чечимдерин жана Бишкек прокуратурасы мэриянын токтомун жокко чыгаруу боюнча сунуш берет.

Эске салсак, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Тартип сакчылары буга чейин митинг "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан уюштурулгандыгын айткан эле.