Бишкектеги феминисттердин маршы. 11 кишиге айып салынды

8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте 8-март күнү феминисттердин митингине катышкан алты аял жана коомдук тартипти бузууга катышкан беш кишиге 3000 сомдон 6000 сомго чейинки айып салынды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, митинг башаламандык менен коштолгондуктан ушундай чечим кабыл алынган.

"Провокация жасап, жаңжал чыгарууга катыштыгы барлар эки тараптан тең аныкталды", — дешти милициядан.

Башкы прокуратура: тынчтык митингдерине тыюу салуу мыйзамсыз
Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 82-беренесине ылайык, уруксат берилбеген митингге катышкан беш аял менен коомдук тартипти бузган беш кишиге протокол түзүлүп, айып салынды (3 миңден 6 миң сомго чейин).

Эске салсак, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Тартип сакчылары буга чейин митинг "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан уюштурулгандыгын айткан эле.