Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Иштен айдалган аткаминерлердин бири шаардык бюджеттин казынасынан уурдалган үч миллион сомго тиешеси бар деп шектелип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов муниципалитеттин үч башкармалыгына директордун милдетин аткарган адамдарды дайындады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Конкурстун жыйынтыгы чыкканга чейин Дене тарбия жана спорт башкармалыгын Дамира Жумабекова убактылуу жетектемей болду. Мекеменин мурдагы директору Даулет Досалиев өз каалоосу менен иштен кеткен. Себеби УКМК башкармалыктын жооптуу кызматкерлери бюджеттик каржатты уурдоо боюнча коррупциялык схема түзгөн деп шекшип жатат.

Таштандысы үйүлүп кеткендерди тартипке чакырчу кызматтын телефондору. Тизме
Буга чейин Жумабекова ушул эле башкармалыкта уюштуруучулук-укуктук бөлүмдү жетектеп келген.

Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кеткендигине байланыштуу дагы бул орунга конкурс жарыяланды. Ага чейин ведомствонун жетекчисинин орун басары Наталья Никифорова директордун милдетин аткарып турат.

Мындан сырткары, Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Тезекбаев дагы иштен кеткен. Азырынча жетекчинин милдетин Нурлан Атыканов аткарат.