БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жугуштуу ооруларды жана коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында борбор калаадагы маршруткалар дезинфекцияланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкектеги маршруткалар дезинфекцияланып жатат. Сүрөттөр
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР
Мындай иш-чараларды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору аткарууда.
Бишкектеги маршруткалар дезинфекцияланып жатат. Сүрөттөр
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР
9-мартка карата бардыгы болуп 253 маршрутка дезинфекциялоодон өттү.
Бишкектеги маршруткалар дезинфекцияланып жатат. Сүрөттөр
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР
Акыркы маалыматка караганда, коронавируска кабылгандардын саны 110 034кө жетти. Алардын арасынан 3825и көз жумуп, 61 977 киши сакайып кетти. Вирус жайылган мамлекеттердин саны 100дөн ашты.