БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. "Тулпар" электрондук төлөм системасы толугу менен ишке киргенден тарта айдоочулардын айлыгы 85 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык жүргүнчү ташуу автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.
"Бишкек мэриясы "Тулпар" системасы тууралуу" аттуу маалымат жыйыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда болуп өттү.
Анын айтымында, ушул тапта айдоочулардын айлыгы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт.
"Тулпар" электрондук төлөм системасы толугу менен ишке киргенден кийин айдоочулардын айлыгын 85 пайызга көтөрүп берүү пландалып жатат. Жол киреге төлөнгөн ар бир тыйын системаны ишке ашырган компанияга кетет. Ал жактан гана транспорттук ишканаларга бөлүштүрлөт", — деди жетекчи.
Койчубаков кошумчалагандай, мындай жол менен айдоочулардын кирешеси ачык-айкын болуп калат.
Троллейбус айдоочуларынын дагы айлыгы көбөйтүлөрү айтылды.
Бишкекте 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы иштеп баштады. Мындан ары шаар тургундары коомдук транспортко отуруу үчүн тийиштүү картаны сатып алуу жетиштүү. Бирок көпчүлүк бишкектиктер электрондук төлөм системасына даяр эмес экени белгилүү болду.