Радио

Муратов: Кыргызстанда 700-800 эле педиатр бар

Дарыгер-педиатр, медицина илимдеринин доктору Абдиманнап Муратов балдар медицинасы сапаты жагынан абдан начарлап кеткенин айтты.
Sputnik
Муратов: Кыргызстанда 700-800 эле педиатр бар

Азыркы учурда балдар медицинасына союз мезгилинде көңүл бөлүнгөндөй маани берилбей жатат. Акыркы 25 жылдын ичинде педиатрлар 3-4 эсеге азайып кетти. Бул тууралуу Абдиманнап Муратов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, педиатрлардын 70-80 пайызын аялдар түзөт, учурда 700-800 эле балдар дарыгери бар.

"Кыргызстанда алты миллион киши болсо, анын 40 пайыздан ашыгы балдар. Педиатрияда ымыркайлар үчүн, мектепке чейинки балдар, мектеп жашындагы жана өспүрүмдөр үчүн багытталган тармактары бар. Бирок бүгүнкү күндө бизде Саламаттык сактоо министрлигинин реформасынан улам педиатрия бир топ кыйынчылыктарга кабылып калды. Алсак, бул адистик боюнча дарыгерлер кереги жок дегенге чейин барышты. Азыр педиатрия экинчи, үчүнчү деңгээлдеги медициналык уюмдарда бар, ал эми биринчи деңгээлде, башкача айтканда, айыл жергесинде бул багытта адис жок. Анын ордуна үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу балдардын саламаттыгын карап жатышат. Дарыгерлер тобу 1995-жылы ишке киргизилген. Бирок бул нерсе убактылуу болушу керек эле. Азыр балдар поликлиникасы, мектептерде балдар дарыгери жок. Мурда ооруган балдар менен оорубагандар өзүнчө бөлүнүп каралчу. Ушул тапта өзгөчө айыл жерлеринде балдар чоң адамдар менен аралашып эле жүрөт", — деди Муратов.

Дарыгер шаар жергесинде балдар медицинасынан каражат аз түшкөндүктөн кичинекейлерге арналган клиникалар да аз экенин кошумчалады.