Радио

Шаакан Токтогул: кыргыздарда кыздын куну 40, эрдин куну 50 жылкы деп бааланган

Эркин журналист Шаакан Токтогул тарыхта кыргыздарда кыз-балдар кийген үкү топунун өзгөчө орду болгондугун айтты.
Sputnik
Шаакан Токтогул: кыргыздарда кыздын куну 40, эрдин куну 50 жылкы деп бааланган

Кыз төрөлсө 40 жылкылуу болдум деп сүйүнчүлөшкөн. Анткени жоокерчилик заманда эртеңи кандай болорун билбеген эл, адамдын башын эр төрөлсө 50, кыз төрөлсө 40 жылкы деп баалашкан. Хан менен кулдун гана куну жок болот дешкен. Хандын куну жок дегени, хан өлтүрүлсө ченемсиз көп чыгым, баасы жок, теңдешсиз деген мааниде, ал эми кулдун баасы жок дегени бекер күч катары каралган. Бул тууралуу Шаакан Токтогул Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, илгери кыргыздар кыз баланын тарбиясына өзгөчө аяр мамиле жасашкан. Кыз бойго жетип калганда апасы шуру, мончоктор менен кооздолгон, көлөмү чай ичкен чыныдай болгон, бир караганда кийип жүргөнгө ыңгайсыз баш кийим тигип берген.

"Кыргыздар кыз бала башка бүлөнүн ээси, биздин үйдүн коногу деп анын тарбиясына өтө аяр мамиле жасашкан. Келин болуп барган жерине бүтүндөй өз журтун уят кылбашы үчүн анын баскан-турганынан тартып сүйлөгөнүн, күлгөнүн, кыймыл-аракетинин баарын көзөмөлгө алып, сөз менен эмес иш жүзүндө көрсөтүшкөн. Мисалы, чоңоюп калган кызына апасы өз колу менен кооздоп тигип, үкү топу кийгизген. "Кыздын көзү кызылда" дегендей, башындагы үлпүлдөгөн баш кийимди түшүрүп албайын деп кыздар бутунун учу менен аяр кадам таштап, желдей жеңил отуруп, турууга үйрөнүшкөн. Кызга калың катары 40 жылкы берилген. Бул жалпы журттун кыз балага койгон наркы болгон. Анткени көчмөн эл кызын күйөөгө бергенде ал азыркыдай болуп төркүнүнө ат тезегин кургатпай каттап тура алган эмес. Ошол барган жеринин бүлөсү болуп, ошол элдин тукумун улоочу катары каралган", — деди Токтогул.

Ал "кызга кырк үйдөн тыюу" деп кыз баланын тарбиясына энеси эле эмес, бүтүндөй уруу жоопкерчилик алганын кошумчалады.