Сузакта автоунаа жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп кетти. Сүрөт

Маалыматка караганда, Opel Vectra үлгүсүндөгү автодон чыккан өрт куткаруучулар тарабынан толугу менен өчүрүлдү. Бирок машина жарактан чыгып калды.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бүгүн, 8-март күнү, Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жүрүп бара жаткан автоунаадан өрт чыгып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Opel Vectra үлгүсүндөгү автодон чыккан өрт куткаруучулар тарабынан толугу менен өчүрүлдү. Бирок машина жарактан чыгып калды.

Ал эми окуяга күбө болгондордун айтымында, өрт чыккан унаанын айдоочусун жакын жердеги устакананын кызматкерлери унаадан чыгарып куткарып калышкан. Машинада жүргүнчүлөр болгон эмес.