Суу ордуна крандан шарап агып... Италиядагы окуянын видеосу

Жергиликтүү бийлик жашоочулардан кечирим сурап, шарап саламаттыкка эч кандай залал келтирбей турганына ишендирди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Италиянын Эмилиция-Романья аймагындагы айылдардын биринде крандан суу ордуна шарап акканын РИА Новости агенттиги жазды.

​Мындай окуя ошол эле райондогу шарап даярдаган ишканадагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам болгону айтылды. Жер төлөдөгү шараптар түтүктөргө куюлуп кеткен.

Жергиликтүү бийлик жашоочулардан кечирим сурап, шарап саламаттыкка эч кандай залал келтирбей турганына ишендирди.