Кытайда карантиндегилер жаткан мейманкана урап калды. 20 киши изделип жатат

Xinjia Express мейманканасы 2018-жылы курулган. Учурда аны коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон адамдарга карантин жайы катары колдонуп жатышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кытайдын Личэн аймагында коронавируска шектелип карантинге алынган кишилер жашап жаткан мейманкана урап калды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып РИА Новости агенттиги жазды.

Коронавирус Кытайда басаңдап, дүйнөнүн башка жактарында көбөйө баштады
Маалыматка караганда, имаратта бардыгы 70 киши болгон. Куткаруучулар урандынын алдынан 48 кишини тирүүлөй жана эки сөөк алып чыгышты. Калгандарын издөө иштери уланууда.

Xinjia Express мейманканасы 2018-жылы курулган. Учурда аны коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон адамдарга карантин жайы катары колдонуп жатышкан.

Медиктер эки аптага карантинге киргизилген мындагы адамдардын ден соолугу таза экенин айтып жатышкан.